Биз менен байланышыңыз

Шерипбаева: 24.kg маалымат агенттигине эч кандай тиешем жок

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 375 | 0

24.kg маалымат агенттигине эч кандай байланышым жок, ал жакты сунушташканда баруудан баш тарткам. Бул тууралуу Nazarnews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева «Маралга» билдирди.

«24.kgнин кожоюну таптакыр башка. Жетекчиси ким болору бүгүн, эртең Юстиция министрлигинин базасына жарыяланса керек. 24.kgнин мага байланышы да жок, ички саясатын да билбейм. Өзүңөр билесиңер, менин Nazarnews деген сайтым бар. Чынын айтышым керек, мага сунуш түшкөн, бирок баруудан баш тарткам», — деди Шерипбаева.

Айта кетсек, 24.kg маалымат агенттиги 15-мартта кайра каттоодон өткөнү, директору Шерипбаева Гүлжан Каримовна болгону Оsoo.kg сайтына жарыяланган.

15-январда УКМК кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине тинтүү жүргүзүп, эшигине мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 407- беренеси (согушка үгүттөө) менен козголгон иштин алкагында директору Асел Оторбаева, башкы редакторлору Махинур Ниязбекова менен Антон Лымар тергөөгө сурак берип чыккан.

Кеңсени кайра ачтыруу боюнча өтүнүч арызды Свердлов райондук соту да, Бишкек шаардык соту да четке каккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM