Биз менен байланышыңыз

19-мартта Бишкектеги айрым үйлөрдө суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 266 | 0

Эртең, 19-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин Бишкектеги айрым үйлөрдө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкек суу-канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Өчүрүү «Аэропорт» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүрүп жатканына байланыштуу экени айтылган маалыматта.

Мындан улам Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги №93/1, №93/2, №93/3, №93/4, №93/5, №93/6 үйлөрдө, Алияскар Токтоналиев көчөсүндөгү №39/3, №157, №153, №153/3, №155 үйлөрдө, Төлөмүш Океев көчөсүндөгү  №39/3, №39/4, №39/6, №39/7, №39/8 үйлөрдө суу убактылуу токтотулат.

«Бишкек суу-канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жарала турган ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурап, тургундардан сууну эртерээк камдап алууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM