Connect with us

Ташиев менен Ятимов Тажикстанда жолугушту

Кыска кабар | 16 Мар 2024 | 303 | 0

Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашып, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушту тобуна калган тилкелерде эки мамлекеттин чек ара линиясын мындан ары аныктоо үчүн ишти улантуу боюнча так тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Эске салсак, Бустон шаарында 11-февралдан 18-февралга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өткөн. Тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, чек аранын 1,11 чакырымы боюнча макулдашкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM