Connect with us

“Токтогулда” суу азайды

Кыска кабар | 16 Мар 2024 | 180 | 0

15-мартка карата Токтогул суу сактагычында 7 млрд. 319 млн. метр куб суу калды. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Суу сактагычка секундасына орточо 169 метр куб суу агып кирип, 559 метр куб суу агып чыгууда.

Эске салсак, бир жыл мурун 15-мартта суу сактагычта 7 млрд. 913 млн. метр куб суу бар болчу. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд. метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM