Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жалал-Абадда жашыруун медресе табылды (сүрөт)

Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 199 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абаддагы жашыруун медресенин (үжүрө) ишине бөгөт коюлганын кабарлады.

Атайын кызматтын облустук башкармалыгына Жалал-Абадда жашыруун сабак берген медресе бар экени тууралуу маалымат 11-мартта берилген.

Текшерүүдө 1998-жылы туулган М.Х.А. аттуу жигиттин өз үйүндө 6 жаштан 9 жашка чейинки 12 балага күн сайын саат 9:00дөн 12:00гө чейин сабак өтүп жүргөнү аныкталган.

Сабак өткөн жигиттин атайын диний билими жок экени, сабак өтүлгөн үжүрө санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеси, сабакта муфтияттын текшерүүсүнөн өтпөгөн адабияттар колдонулуп келгени, андагы балдардын айрымдары узак убакыттан бери мектепке барбай жүргөнү айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында атайын протоколдор түзүлүп, М.Х.А.га 7500 сом айып салынган. Андан тышкары балдарга, алардын ата-энелерине социалдык кызматкерлер менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM