Биз менен байланышыңыз

Базарбеков тергөөнү туура эмес жүргүзгөндөрдүн жоопкерчилигин козгоду

Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 158 | 0

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видеоконференция өткөргөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 

Онлайн отурумда Замирбек Базарбеков сот реформасынын  үчүнчү этабы – сапатк өтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Анын алкагында чала сабат, коррупцияга аралашкан судьялар менен күрөш улантыларын эскертти.

Аны менен катар ишти мыйзамсыз тергеп, сотко өткөргөн тергөөчүлөрдүн, ага көзөмөл жүргүзгөн прокурорлордун жоопкерчилигин күчөтүү сунушун берерин айтып өттү.

«Сот тутуму тарабынан мындан ары акталган адамдарга карата моралдык жана материалдык чыгымдарды мамлекеттин бюджетинен эмес, мыйзамдын талаптарын бузуу менен ишти соттун кароосуна өткөрүшкөн укук коргоо кызматкерлеринен, ага көзөмөлдүк кылган прокурорлордон өндүрүү жөнүндө мыйзамга толуктоо, өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз. Мыйзамсыз сот актыларын чыгарышкан соттор да жоопко тартылышы керек», — деди Замирбек Базарбеков.

Ошону менен бирге судьялардан сот отуруму бүткөндөн кийин чечимди окуп коюп кетип калбастан, тараптарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылды. Мындан тышкары Жогорку Сот менен Бишкек шаардык соту чуулгандуу иштер үчүн чыккан чечимдер боюнча басма сөз борборунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишерин белгилеп, бул ыкманы аймактарга да жайылтуу керек экенин айтты. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM