Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда керектөөчүлөрдүн укуктары канчалык корголот?

Коом , Экономика | 15 Мар 2024 | 1109 | 0

Өткөн жылы Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушу боюнча 516 арыз түшкөн. Кызматтын маалыматына караганда, жарандар көбүнчө товар алмаштыруу же кайтаруу боюнча кайрылышкан. Ошол эле учурда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана байланыш кызматтарына карата да даттануулар көп болгон. Өлкөдө керектөөчүлөрдүн укугу канчалык корголот? Эгер кардардын укугу бузулса, кайсыл жакка жана кантип кайрылса болот? 

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнү Кыргызстанда да белгиленүүдө. Буга байланыштуу бул жаатта жасалып жаткан иштерге баам салып көрдүк.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев өткөн жылы мекеме бул багытта 516 кайрылууну караганын билдирди.

Жыйынтыгында 368 мыйзам бузуу аныкталып, 131 буйрук чыгарылып, 14 административдик айып салынган.

Орозбаев укугу бузулган кардар аталган кызматка кайрылса болорун айтты.

«Керектөөчүлөр менен кайра эсептөө 4 млн 162 миң 629 сомду түздү. Негизинен 90%дан ашык кайрылуу канааттандырылды. Кыргызстанда 1997-жылы «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзам 2019-2020-жылдары оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңыланып, өзгөртүүлөр киргизилип, азыркы учурда ошол мыйзам менен иштеп жатабыз. Биздин даректердин баары сайтта бар. Ар бир облуста өкүлдөрүбүз бар. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында да бар. Бизди бардык ММКлардан жана биздин расмий баракчаларыбыздан тапсаңыздар болот. Ошол жактарга электрондук түрдө да кайрылса болот».

Кандай учурда сатуучу товарды же кызмат үчүн акчаны кайтаруудан баш тартууга укуктуу:

  • Эгерде продукт колдонулган болсо жана аны колдонуунун ачык белгилери бар болсо;
  • анын көрсөтүлүшү, керектөө касиеттери, заводдук этикеткалары сакталбаса;
  • эгерде сатып алуучунун колунда сатуу же кассалык квитанция, же төлөмдү тастыктаган башка документ жок болсо.

JIA Бизнес ассоциациясынын укук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Сартмаметов ассоциацияга мүчө катары кирүүдө ишкерлер үчүн бир катар талаптар бар экенин белгиледи.

Ал негизги талаптардын бири социалдык жоопкерчилик экенин, анын ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын да эске алуу каралганын айтат.

Муну менен катар ал уюм тарабынан ишкерлерге атайын тегерек стол өткөрүп, анда кардарларга болгон мамиле жана алардын укуктарын камсыздоо боюнча маалыматтар берилип турарын кошумчалады.

«Ассоциация катары өзүнүн уставынын алкагында ким мүчө боло алат дегенде белгилүү бир талаптар бар. Негизги талаптардын бири – социалдык жоопкерчилик. Анын ичинде керектөөчүлөргө болгон мамиле, соода-сатыктагы калыстык, ошол эле учурда бир гана керектөөчүлөр эмес, кол алдында иштегендерге да мыйзам алкагында кандайдыр бир мүмкүнчүлүк берилсе, алардын талаптарынын баары аткарылышы керек. 2023-жылдын ноябрь айында социалдык жоопкерчиликке байланыштуу, анын ичинде керектөөчүлөргө, кол алдындагы жумушчуларга, өнөктөштөр менен иштеген мамилелерге да мыйзам талаасында алардын укуктарын тебелебестен, жоопкерчиликтүү аракеттерди жасоо керек деген чакырыкта иш-чаралар өткөрүлгөн».

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, дары-дармектер кайтарылгыс товарлардын тизмесине кирбейт. Алар башка ченемдик-укуктук акт, тагыраагы, техникалык регламент менен жөнгө салынат. Анда «Дарыкана уюмдарына алар мурда жеке жана юридикалык жактардан сатып алган дары-дармектерди кабыл алууга тыюу салынат» деген эрежелери камтылган.

Бул норма дары-дармектерди колдонууда жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн каралган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүк эмес товарлардын тизмесин тактоо, анын ичинде ага медициналык дары-дармектерди кошуу боюнча сунуштарды киргизди.

Юрист Бексултан Осмонов жарандар керектөөчүлөргө тиешелүү укуктарды жана милдеттерди билиши керектигин, алар атайын мыйзамда жазылганын түшүндүрдү.

Ал керектөөчүнүн укугу бузулган учурда далилдер менен атайын мамлекеттик кызматка кайрылышы керектигин айтты.

«Бул мыйзамда бардык нерселер көрсөтүлгөн. Кандай учурда керектөөчү өзүнүн укуктарын коргой алат? Кандай милдеттери бар? Тескерисинче, керектөөчүгө тиешелүү сатуучу адамдын же мекеменин алардын кандай укуктары ана милдеттери бар? Мисалы сатуучу менен керектөөчүнүн ортосунда кандайдыр бир талаш-тартыш пайда боло турган болсо, ал кантип чечилиши керек. Булардын баары мыйзамда көрсөтүлгөн. Эгер керектөөчүнүн укуктары бузулган болсо, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына бардык далилдерин тиркеп кайрылса болот».

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адилетсиз атаандаштык боюнча башкармалыгына Бишкек шаары, Байтика Баатыр көчөсү, 7б/1 дареги боюнча жана 0312574610 байланыш номери аркылуу кайрылса болот.

Ошондой эле кызматтын аймактык органдарына кайрылсаболот. Почта, электрондук даректер, телефондору расмий сайтта көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM