Биз менен байланышыңыз

15-марттын аба ырайы

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 421 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 15-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4,

Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5.

Бишкекте түнкүсүн бираз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +3…+5 градус.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM