«Тоң Манжылы Сервис» подрядчы фирмасынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
УКМК Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө техника сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактылары болгонун аныктап, айыл өкмөттүн кызматкерлерине иш козгогон.
2023-жылдын 5-декабрында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ишти жаптыруу үчүн УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен колго түшкөн.
Быйыл 1-мартта «ушул кылмышка катышы бар» деген шек менен «Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсынын подрядчы фирмасынын башкы директору И.М.С. кармалып, Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына камакка алынган.
Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.
Юстиция министрлигинин базасында «Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсы 2021-жылдын 15-мартында каттоодон өткөнү, директору Исмаилов Мирбек Султанбекович экени жазылган.