Биз менен байланышыңыз

Суу чарба министрлигин түзүү сунушталды

Коом , Экономика | 12 Мар 2024 | 1097 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков суу маселесин жөнгө сала турган өзүнчө министрлик же мамлекеттик агенттик түзүү керектигин айтты. Себеби жыл сайын өлкөнү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылууда көйгөйлөр жаралып келгенин эске салып, суу тартыштыгын жоюу, бул маселеге олуттуу көңүл буруу үчүн өзүнчө мекеме болгону туура экенин белгиледи. Суу чарба министрлигин түзүү өлкөдөгү суу тармагында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө канчалык жардам берет?

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков Айыл чарба министрлигинен бөлүп суу тармагын көзөмөлдөй турган өзүнчө министрлик түзүүнү сунуштады.

Ал жыл сайын өлкөнү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылууда ар кандай көйгөйлөр жаралып келгенин айтты. Айдарбеков суу өлкөнүн эң маанилүү ресурстарынын бири экенин белгиледи.

«Биз суунун булагында турабыз, бирок бир гана Айыл чарба министрлигине караштуу суу кызматыбыз бар. Суу ресурсун көздүн карегиндей сактоо керек. Бул тармакта бир жыл же бир жарым жыл ичинде өзгөрүүлөр болобу? Же азыркы кызмат эле калабы? Айыл чарба министрлигине караштуу ушул кызмат иштейт. Комитет эртең Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда энергетика жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча көчмө жыйын өткөргөнү жатат. Мен суу тармагын караган өзүнчө министрлик же мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштайм».

Отурумда депутаттар 2023-жылдын 11-декабрында Министрлер кабинети менен Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосунда түзүлгөн «Сугат каналдарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо маселесин талкуулашты.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов Министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү боюнча токтом чыкканын, ал бир жуманын ичинде күчүнө кирерин айтты. Ошондой эле ал бул тармакта кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Биз суу ресурстарына тиешелүү бардык функцияларды алабыз. Буга таза, жер үстүндөгү жана жер астындагы суулар, сугаруу кирет. Мунун баары Суу чарба кызматына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле министрликтердин аттары Айыл чарба министрлиги эмес, Суу чарба министрлиги деген сөздөр менен башталат. Бул приоритет катары белгиленген».

Акыркы жылдары суу тартыштыгы дыйкандарды бир топ түйшүккө салып келет. 2022-2023-жылдары сугат суунун жетишсиздигинен улам көптөгөн кыйынчылыктар жаралып, түшүм күткөндөн аз алынып, дыйкандар өкмөт үйүнө чейин барышкан.

Өлкөдөгү ички суу чарба каналдарынын 35%ы гана жарактуу. Мунун 90 пайыздан ашыгы Дүйнөлүк банк аркылуу оңдолгон каналдар, калганы союз мезгилинен бери оңдоло элек. Каражаттын жетишсиздигинен акыркы 20 жылда бир да канал капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Болгону тазалоо иштери гана жүргүзүлүп, суу берилип келген.

Айыл чарба маселелери боюнча адис Турусбек Асаналиев бүгүнкү күндө агро тармагына мамлекеттик бюджеттен аз каражат бөлүнүп жатканын белгиледи. Ал буга байланыштуу өзүнчө министрлик түзүү кажет эмес деп эсептейт. Анын айтымында, аталган министрликтин учурда мурункудай аткара турган иши жок.

«Айыл чарба, суу чарбасына болгон иштер чогуу жүргүзүлүп келе жатат. Бир четинен мурункудай каржылоо жок. Ошондуктан бир эле министр башкарганы туура болот. Суу чарба өзүнчө министрлик болгону да жакшы. Анткени өлкөдө суу маселеси жылдан жылга көйгөй жаратып келет. Бирок бир эле министрлик болгону туура. Анткени министрликтин деле мурдагыдай аткара турган жумуштары жок. Суу чарбасы эле калып жатат. Калгандары көпчүлүгү менчиктештирилип кетет. Суудан башка иштей турган тармактардын оорчулугу азайып калды».

Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда кургакчыл климатка байланыштуу быйыл да суу тартыш болушу мүмкүн экенин айткан.

Төрөбаевдин маалыматына караганда, 2024-жылга 540 чакырым канал оңдолот. Ошондой эле суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндери курулат.

Министр 5-январда Чүй облусунун ирригациялык системасынын абалын жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрүп, Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир катар ирригациялык объектилердин абалын көрүп чыккан. №2 суу сактагычын толтуруу үчүн 6 скважинаны калыбына келтирүү ишин тез арада бүтүрүү тапшырмасын берген. Андан тышкары ирригация тармагын жакшыртууга мамлекеттик бюджеттен кошумча 2 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөрүн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM