Биз менен байланышыңыз

Жаш киночулардын он биринчи «Үмүт» форуму өтөт

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 116 | 0

28-марттан 31-мартка чейин Бишкекте жаш киночулардын «Үмүт» деп аталган он биринчи форуму өтөт. Бул тууралуу Мадания, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

«Үмүт» кинофоруму 2013-жылдан бери КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен Кинематография департаменти тарабынан өткөрүлүп келет.

Иш-чара таланттуу жаштарды колдоо, тасмаларды эл аралык кинофестивалдарга даңазалоо, жаңы режиссёрлорду табуу жана жаш кинорежиссерлордун профессионалдык өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлөт.

Быйыл форум Кыргыз Республикасынын Эл артисти, советтик жана кыргыз кинорежиссеру Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналат.

«Үмүт» форумунда дүйнөлүк кинематография чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер менен пикир алышуу, кыска метраждуу тасмалардын кинодолбоорлорун көрсөтүү, алдынкы эл аралык кинофестивалдарга катышкан жана алдынкы орундарды багындырып келген тасмаларды көрсөтүү, чет элдик алдыңкы кинорежиссерлордон мастер-класстар жана лекциялар, эл аралык кинофестивалдардын жарманкеси өтөт.

Форумдун ачылыш аземи 29-мартта Ала Тоо кинотеатрында саат 11:00дө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM