Бүгүн, 11-мартта ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 16 кызматтык унааны тапшырды.
Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Жаңы кызматтык унаалар Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук жана Кызыл-Кыя, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө өткөрүлүп берилди.