Биз менен байланышыңыз

Балбан Эрназар Акматалиев Түркияда чемпион болду

Кыска кабар , Спорт | 11 Мар 2024 | 455 | 0

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде алтын медалдын ээси болду.

Акматалиев 1/8 финалдык беттештен  баштаган. Ал кыргызстандык балбан Алибек Осмонов менен кез келип, аны 7:6 эсебинде жеңди. Чейрек финалда тажикстандык атаандашы Мустафо Ахмедовдун далысын жерге басып, жеңишке жетти.

Ал эми жарым финалда жапониялык балбан Йошиносуке Аояги менен күч сынашып, аны 8:6 эсебинде утту.

Алтын үчүн беттеште Акматалиев монголиялык балбан Тулга Тумур-Очирындын далысын басып, таза жеңишке жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM