Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде алтын медалдын ээси болду.
Акматалиев 1/8 финалдык беттештен баштаган. Ал кыргызстандык балбан Алибек Осмонов менен кез келип, аны 7:6 эсебинде жеңди. Чейрек финалда тажикстандык атаандашы Мустафо Ахмедовдун далысын жерге басып, жеңишке жетти.
Ал эми жарым финалда жапониялык балбан Йошиносуке Аояги менен күч сынашып, аны 8:6 эсебинде утту.
Алтын үчүн беттеште Акматалиев монголиялык балбан Тулга Тумур-Очирындын далысын басып, таза жеңишке жетти.