Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө ажылыктын жол-жобосу түшүндүрүлүүдө

Кыска кабар | 10 Мар 2024 | 106 | 0

Ысык-Көл облусунун казыятында быйылкы жылы облустан ажылыкка бара турган жарандарга сабак өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Ажыга бара турган жарандарга ажылык ибадаттары, сооптору, ажылыкка байланыштуу өкүмдөр, ажылык сапарына даярдыктар, ажы амалдарын аткарууда зарыл болгон маселелер айтылып жатат.

Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы ажылык үчүн Кыргызстанга 6060 квота берген. Ажылык сапардын баасы 3750 доллар деп белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM