Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Ата шаарында  дайынсыз болгон 4 өспүрүм аман-эсен табылды

Кыска кабар | 9 Мар 2024 | 152 | 0

Ысык-Көл облусунун, Чолпон-Ата шаарында  дайынсыз болгон 4 өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  8-мартта Чолпон-Ата шаарында 11 жаштагы 3 бала жана 16 жаштагы бир бала тоого чыгып, акыркы жолу саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болгон.

Издөө ишин жүргүзүүгө 3 куткаруучу, 4 милиция кызматкери жана туугандарынан 3 адам тартылган. Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 12:10до  4 бала аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM