Ысык-Көл облусунун, Чолпон-Ата шаарында дайынсыз болгон 4 өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 8-мартта Чолпон-Ата шаарында 11 жаштагы 3 бала жана 16 жаштагы бир бала тоого чыгып, акыркы жолу саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болгон.
Издөө ишин жүргүзүүгө 3 куткаруучу, 4 милиция кызматкери жана туугандарынан 3 адам тартылган. Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 12:10до 4 бала аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилген.