Биз менен байланышыңыз

АКШ элчилиги кыргызстандыктар үчүн 10 жылдык мөөнөткө виза бере баштады

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 374 | 0

АКШнын жаңы туристтик жана бизнес визаларынын мөөнөтү Кыргызстан жарандары үчүн 10 жылга берилет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лессли Вигери билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жаңы өзгөртүү B1, B2 жана B1/B2 визалары үчүн ушул жылдын 4-мартынан тарта берилген визаларга тиешелүү. Ал эми буга чейин берилген визалардын мөөнөтү узартылбайт.

Элчиликтен билдиргендей, кыргызстандыктар үчүн $20 өз ара төлөм да B1/B2 визалары үчүн алынып салынган. Ушул жылдын жай айларында консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн да бир катар иштер жасалары айтылган.

«Америка Кошмо Штаттары саякаттарды жеңилдетип, америкалыктар менен кыргыз элинин ортосундагы байланыштарды тереңдетүүгө умтулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM