Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык кеңешинин эртеңки отурумуна 235 депутат катышат

Кыска кабар | 3 Мар 2024 | 238 | 0

Эртең, 4-мартта Бишкек шаарынын депутаттары Президент жүргүзгөн аймактык реформа маселесин карайт. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Отурум саат 9:00дө өтүп, шаардык кеңештин социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу түз алып көрсөтүлөт.

Айта кетсек, Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 29-декабрында «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режиминде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, Аламүдүн жана Сокулук райондоруна карап келген бир катар айылдар, конуштар, чек тилкелер Бишкек шаарына киргизилген. Андыктан шаардык кеңештин курамы да көбөйгөн.

Аймактык реформа боюнча Бишкек шаардык кеңешинин отуруму 29-февралда өтүп жаткан. Ага катышкан мэр Айбек Жунушалиев Президенттин жарлыгы күчүнө киргенин, сессияга жаңы кошулган аймактардын да депутаттары катышышы керектигин белгилеп, залдан чыгып кеткен. Андан соң бул маселени кароо 4-мартка калтырылган.

Бишкек шаарында учурда 45 депутат бар, аларга дагы 190 депутат кошулуп, курамда 235 депутат болот.

Аймактык реформа боюнча шаардык кеңеш Президенттин жарлыгынын, Министрлер кабинетинин 7-февралдагы токтомунун, «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдын негизинде иштелип чыккан токтом долбоорун 29-февралда коомдук талкууга койгон.

Долбоордо жаңы кошулган аймактар Бишкектин кайсыл райондоруна карай турганы белгиленип, андан тышкары шаардын бюджетин бекитүү, коммуналдык кызматтарга, жол киреге, товарларга тариф коюу, шаар ичиндеги аймактык чектерди аныктоо укуктарын мэрияга өткөрүп берүү сунушталган.

Ушул токтомго окшош мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 21-февралда жалпы жыйында карап, талкуусуз, суроо-жоопсуз четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM