Биз менен байланышыңыз

Июлдан тарта патент менен соода кылуу токтотулат

Кыска кабар | 28 Фев 2024 | 135 | 0

Мамлекеттик салык кызматы быйыл июль айынан тарта өлкө аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотуларын эскертет. Ошол күнгө чейин патент менен иштеген соодагерлер салыктын башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек.

Ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

– жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт);

– бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1% ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер (стратегиялык объекттерге кирген базарлардан сырткары) контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Стратегиялык объекттерге кирген «Дордой» жана «Тураталы эл базары» (“Кара-Суу”) өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү.

Салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди жана базар администрацияларынын өкүлдөрүн онлайн салык кызматтары боюнча окутуп-үйрөтүүдө жана башка салык режимине өтүү процессинде көмөк көрсөтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM