Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жылына 6 миңден ашык адам тамекиден каза болот

Ден соолук , Коом | 31 мая 2024 | 2323 | 0

Бүгүн, 31-май — Бүткүл дүйнөлүк тамеки тартуу менен күрөшүү күнү. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги бир катар иш-чараларды уюштурду. Министрликтин маалыматына караганда, учурда тамеки чегүүгө тыюу салуу максатында атайын мыйзамдар иштелип чыгууда. Ошондой эле тамекинин жаңы түрүнө да мыйзам чегинде чектөөлөр каралууда. Бүгүнкү күндө министрликке караштуу тамеки таштоого жардам көрсөтүү борбору иштеп жатат. Борборго жылына 7,5 миңден 10 миңге чейин жаран кайрылат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан түзүлгөн тамекиге каршы күрөшүү Конвенциясына 154 мамлекет кол койгон. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 2006-жылдын 2-февралында ратификациялаган.

Дүйнө жүзүндө күн сайын 14 миңге жакын адам тамекинин кесепетинен көз жумат. Изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, 2030-жылдан тарта тамеки чегүүдөн пайда болгон өнөкөт оорулар өлүмдүн башкы себеби болуп калышы мүмкүн.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Кыргызстанда тамеки чегүү рак оорусунун негизги себептеринин бири экенин белгиледи.

Айтуусунда, жыл сайын 31-майда Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн белгиленет. Бул жылы Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнү жаштарды тамеки өнөр жайынын зыяндуу таасиринен коргоо аракеттерин колдоого багытталган.

«Бул чакырык жаштар, саясатчылар жана дүйнө жүзү боюнча тамекиге каршы күрөшүү боюнча активисттер үчүн дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн жаштарды тамеки индустриясынын манипуляцияларынан коргоо боюнча чараларды көрүүгө чакыра турган аянтча болот. Кирешесин сактап калуу үчүн тамеки тармагы жыл сайын каза болгон, же тамекини таштаган адамдардын ордуна миллиондогон жаңы кардарларды табышы керек. Ушул максатта алар өз продукцияларынын жаштар арасында популярдуулугун жогорулатуучу шарттарды түзүүгө умтулат. Ошондуктан индустрия өз продукцияларынын жеткиликтүүлүгүн жана арзандыгын жогорулатуу үчүн күчтүү мыйзамдык ченемдерди өзгөртүүгө, ошондой эле мүмкүн болушунча тамеки тартууга уруксат берүүгө кызыкдар».

Кыргызстанда жарандардын ден соолугун тамеки, никотиндин кесепеттеринен жана тамеки түтүнүнүн, аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө мыйзам 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун бөлүм башчысы Чынара Бекбасарова бүгүнкү күндө тамеки рыногу өзгөрүп, көптөгөн тамеки буюмдары пайда болгонун айтат.

«Кээ бир буюмдар, мисалы, электрондук тамеки жана жылытылган тамеки буюмдары дүйнө жүзү боюнча, ошондой эле Кыргызстанда жаштар арасында популярдуу. Жаштардын электрондук тамекилерге жана тамеки буюмдарына болгон кызыгуусу коркунучтуу. Биз, дарыгерлер, коңшу Казакстандагыдай эле электрондук тамекилерге, IQOS (айкос) жана башкаларга толугу менен тыюу салуу демилгесин толук колдойбуз. Бул биздин балдарыбыздын келечеги».

Коомдо тамекинин зыяны тууралуу маалыматтар таратылып, мыйзамдар күчүнө кирип жатканы менен эч кандай майнап чыкпай келет. Тескерисинче, акыркы жылдары электрондук тамеки жана ысытылган тамеки заттары сыяктуу жаңы түрлөрү пайда болуп, аларды чеккен жаштар көбөйүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун улуттук кызматкери Алина Алтымышева тамеки тармагындагы оюнчулар тамеки күйөрмандары үчүн тынымсыз жаңы өнүмдөрдү жана гаджеттерди ойлоп таап, социалдык тармактарда жарнамаларды колдонуп жатышканын белгиледи.

«Атактуу инсандар да кадимки тамекиге болгон көз карандылыктан арылууга жардам берерин айтып, электрондук тамекилерди жарнамалашат. Мунун баары жомок. Электрондук тамеки – денеңизди ууландырган уу. Айрым дүкөндөр жаштарга бир жолу колдонулуучу тамекилерди бекер берген фактылар бар. Бардык коомдук жайларда жана коомдук тамактануучу жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынган. Бирок бизнес тармактардын айрым өкулдөрү бул талаптарды карманышпайт».

Расмий маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүндө күнүнө 14 миң адам тамекинин кесепетинен көз жумат. Ал эми Кыргызстанда жылына 6 миңден ашык адам тамекиден каза болот.

Буга чейин депутат Эрулан Көкүлов кадимки жана электрондук тамеки тарткандарга 1000 сом айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап, коомдук талкууга чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM