Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата, Чүй району жана Кемин райондорунда мыйзамсыз жайгашкан объектилерди буздуруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлашты.
Аталган аймактарда жайгашкан соода-сатык объектилеринде дизайн код боюнча иреттөө иштери да жүрүүдө.
Мыйзамсыз курулуштарды иреттөөгө курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев, орун басары Бакай Турдугулов жана башка аткаминерлер катышууда.