Connect with us

Кыргызстанда чыгарылган паспорттор бериле баштады

Кыска кабар | 1 Июн 2024 | 382 | 0

Кыргызстанда атамекендик өндүрүштөгү жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштады. 1-июнда Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева 2 жашар Амалия Бакиралиевага, Ат-Башы районунун тургуну Керималы Мамбетовго, Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыз Исматилла Имамалиевге жана Жумгал районунун тургуну Бегайым Байсаловага жаңы үлгүдөгү алгачкы жалпы жарандык жана ID паспортторун тапшырды.

Паспорттор «Учкун» мамлекеттик ишканасынын базасында даярдалат. Буга чейин паспорттор чет өлкөдөн жасалып келинчү.

«Учкун» Калкты каттоо департаменти тарабынан талап кылынган паспорттордун бардык көлөмүн үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө камсыздоого милдеттенет. Бул жаатта эч кандай көйгөй жаралбайт», — деди министр.

Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев кошумчалагандай, жаңы паспорттор бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Алсак, ID паспорту 20дан ашык, ал эми жалпы жарандык паспорт 30га жакын коргоо элементтерине ээ.

Copyright © 2017 Maral FM