Биз менен байланышыңыз

Жашоочулар: Бишкек шаарын жашылдандырууда олуттуу өзгөрүү жок

Коом | 31 мая 2024 | 511 | 0

Быйыл Бишкек шаарын жашылдандыруу үчүн 3 миңдей көчөт отургузулду. Мэриянын маалыматына караганда, ийне-жалбырактуу бак-дарактан 6 миң көчөт отургузуу пландалган. Бүгүнкү күндө анын 3 миңдейи отургузулду. Ал эми калганы 4-кварталга чейин толук отургузулуп бүтөт. Жашоочулар жана экологдор борбор калаадагы жашылдандыруу ишине ичи чыгабы?

Бишкек жашыл курулуш муниципалдык ишаканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев быйыл борбор калааны жашылдандыруу максатында 3 миңдей көчөт отургузулганын маалымдады. Иш-чара шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу, экологиялык туруктуулукту жогорулатуу жана жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында ишке ашууда.

«Быйыл ийне-жалбырактуу бак-дарактардан 6000 көчөт отургузулушу керек болчу. Азыркы учурда 3000 көчөт отургузулуп, калганы 4-кварталда толук отургузулуп бүтөт.  70 миң даана жоогазын гүлү өздүк технологиясы менен 2023-жылдын күз мезгилинде отургузулган. Ал быйыл апрель, май айында гүлдөдү. Ал эми бир жылдык гүлдөрдүн планында 1 миллион 400 миң даанасы  болгон. Азыр 900 миңи отургузулуп, калган 500 миң даана 4 районго ушул 10 күн ичинде отургузулуп бүтөт».

Жыл башында Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында борбор калаанын бардык райондорунда массалык ишембилик өткөрүлгөн. Жалпысынан ишембиликке 28 миң адам катышты. Мындан тышкары жарандар жана уюмдар тарабынан 1243 түп көчөт отургузулду.

Шаарды жашылдандырууда калаа тургундарынын катышуусу менен көчөт отургузуу акциялары уюштурулуп келет.

Муну менен катар экологиялык маалымдуулукту жогорулатууга багытталган экологиялык кампаниялар да өткөрүлүп жүрөт.

Бишкек шаарынын жашылдандыруу иштерине калаа тургундарынын баасын уктук.

— Азыркы учурда Бишкек шаарында жашылдандыруу иштери жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Ага далил катары Ынтымак паркын алсак болот. Көчөттөрдүн отургузулушу жана скверлердин көптүгү кубандырууда. Филармония жактагы розалар дагы мага абдан жакты.

— Ооба, мага жагып жатат. Айрыкча арча, пихта, тоолуу аймактарда карагайлардын болушу кубандырат. Бишкек шаарындагы көчөлөрдү бузуп, алардын этегине бак-дарактарды отургузуу чоң пайданы алып келет. Себеби фотосинтез процесси жүрүп турат. Кошумчалай кетчү нерсе жаңы конуштарда көчөттөрдү отургузуп, таштандыдан арылсак жакшы болот эле.

— Азыркы шаардын жашылдандыруусу жакшы, бирок мындан дагы жакшыртса болот деген ойдомун. Себеби отургузулган бактар бир гана шаарга аба, көрк бербестен, ысык аба-ырайында көлөкө дагы болуп берет. Шаардын ызы-чуусунан качкан тургундар дал ошол жашылдандырылган парктарга барып, эс алышат. Ошол себептен, парктар көбөйтүлсө, шаар мындан дагы көркүнө чыкмак.

— Бул боюнча менин оюм түз. Ош базарын алганда, ал жерге арчалар тигилди, арчалардын көрк бериши — бул бир гана шаар тургундарына гана эмес, башка өлкөдөн келген туристтердин дагы көз жоосун алат.   Бул шаарыбыздын даражасын көтөрөт деген ойдомун.

Эколог Анара Султангазиева борбор калааны жашылдандыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди орто деп баалайт. Ал мурдагыга салыштырмалуу жылыш бар экенин, бирок көп өзгөрүү жок экенин белгилейт.

«Учурдагы экологиялык абалга орто баа бере алам. Себеби мурункуга салыштырмалуу жылыштар бар. Бирок көп өзгөрүү көрө алган жокмун, канааттанбай жатам. Анткени шаар ичинде куураган бак-дарактар көп болуп, убагында кыйылбайт. Акыркы жылдары жаңы парктар пайда болууда. Бирок дегенде «классикалык» сейил-бакчалардын 60%ын  жалпак жалбырактуу бактар, ал эми 30%ын бадалдар ээлеш керек. Бизде тилекке каршы тескерисинче иш жүрүүдө. Ар кайсы жерге, ортосуна 18 метрден ийне жалбырактуу арчаларды сайып коюшуп эле парк дешет. Негизи жашылдандыруунун классикалык түрүн, тилекке каршы муниципалдык кызматкерлер билбейт. Билсе дагы билмексен болуп коюшат. Анан ал жок, бул жок деп шылтоолоп коюшат».

Былтыр жарым жылдын ичинде Бишкек шаарынын аймагына «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы тарабынан 19 072 даана бак-дарак отургузулган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 84 пайызга көп.

Ишкананын карамагында 12 сейил бак, 50 сквер жана 2 бульвар бар.

Борбор калаада жашыл аянттарды жана отургузулган бак-дарактарды сугаруу үчүн 3 ирригациялык скважина бургуланып, дагы 9 ирригациялык скважина бургулоо стадиясында турат. Бардыгы болуп 12 кудук бар.

Ошондой эле узундугу 9,2 км болгон ирригациялык арыктарды реконструкциялоо жана 15,1 км сугат суу түтүктөрүн монтаждоо боюнча иштер аткарылды.

Copyright © 2017 Maral FM