Биз менен байланышыңыз

«Бишкектеги жумушчулар жетишсиздигине кымбатчылык таасир этүүдө»

Коом | 31 мая 2024 | 585 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканын айтып чыкты. Ал тигүү цехтеринде жана курулуш тармагында иш токтой баштаганын айтты. Бийлик өкүлдөрү буга чейин да өлкөдө жумуш орундары көп түзүлүп жатканын, бирок жумушчулар жетишсиз экенин айтышкан. Экспеттер тигүү тармагында туруктуу жумуш ордун түзүү үчүн бирдиктүү система керек экенин белгилешет. 

Президент Садыр Жапаров өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатканын Фейсбуктагы баракчасына 30-майда жазды.

Ал жумуш издеп жүргөндөрдү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууну сунуштады. Эмгек акылардын көлөмү 20-30 миң сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот) болорун айтты.

«Акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары, ж.б. токтой баштады. Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда. Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар. Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20 000-30 000 сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот)» , — деди президент.

Садыр Жапаров Бишкекте 18-майдагы тополоңдон кийин кайрылуу кылганда да Кыргызстанда 6300дөн ашуун жумуш орду бош турганын айтып, алдыңкы убактарда он миндеген жумуш орду түзүлөрүн кошумчалаган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу иш менен камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Афтандил кызынын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарында тигүүчү жетишсиз. Ошондой эле крулуш тармагында да жумушчулар керек.

Министрлик аркылуу жумушка орношууну каалаган жарандар 18 99 шыр номери аркылуу байланышып же болбосо атайын сайт аркылуу билдирмелерди таштаса болот.

«Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу иш менен камсыздоо башкармалыгынында тышкы жана ички жумушка орноштуруу боюнча атайын борбор бар. Биз аркылуу жумушка орношууну каалаган дарандар 18 99 шыр номерине байланышка чыкса болот. Ошондой эле атайын сайтка кирип, кенен маалымат алып, кайсы жерде кандай жумуш бар экендигин көрө алышат.

Бүгүнкү күндө тигүүчүлүк , курулуш тармагы , тейлөө тармагы аябай өнүгүп жатат. Башка жактан жумушчуларды  алып келүү алардын санын көбөйтүү багытында ушул шыр байланыш номери иштеп жатат.  Ошондой эле чет элге чыгып иштейм деген жарандар кандай жумуштар бар ,  кандай жумушта иштешсем болот деп кайрылгандарга, өзүбүздө деле жумуш бар, борбордо иштесеңиздер болот деп сунуштап жатабыз.

Бүгүнкү күндө кесип боюнча 1700 дөн ашуун жумуш орундары бар, 7000ден ашуу бош жумуш орду катталган. Алган айлык майаналары 10 000 ден 30 000 сомго чейин алышса болот. Ошондой эле бүгүнкү күндө тигүү багытындагы жумуш аябай өнүккөн жакшы иштегенде 100 000 сомго чейин айлык алышса болот».

«Наристе» тигүү фабрикасынын негиздөөчүсү Диларахан Акылбекова тигүү тармагыда бош жумуш орундары көптүгүн айтат. кыргызстандык жарандар жумушка туруксуз болгондуктан чет өлкөдөн алып келүүгө ишкерлер аргасыз болууда.

Ал жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосунда юридикалык келишим болгонуна карабастан жумуш таштап кетип калган учурлар көп болоорун белгилейт. Бул маселени чечүү үчүн мамлекет тигүү тармагына бирдиктүү система киргизүү керек деген пикирде.

«Азыркы учурда бизге жумушчу күчү абдан керек. Жумушчу күч керек болгондуктан чет өлкөдөн тартууга мажбур болуудабыз. Кыргызстандык тигүүчүөр жумушка туруксуз. Алар бир канча күн келип, кааласа башка жака кетип калат, айтылган убакытка келбейт. Биз аларга канчалык жакшы шарт түзгөнүбүзгө карабастан кетип калган учурлар көп эле болот. Мисалы, мен ар бир тигүүчү менен юридикалык келишим түзүп иштейм. Бирок тигүүчүлөр ага да карабастан башка жакка кетип калган учурлар көп катталат. Биздин кыргызстандык тигүүчүлөр эркин. Бирөө бираз көбүрөөк төлөсө ошол жака кетип калат. 

Бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлде бирдиктүү система иштеп чыгуу керек. Ошондо гана туруктуулук болот деп ойлойм. Өлкөдө тигүү цехтери аябагандай көп, тигүүчүлөргө патенттик система киргизип, бир жерде иштейсиң деп, баардык тигүү цехтерине талап койгондо гана туруксуздук жоюлат  деген пикирдемин. 

Менде иштегендердин иш күнү эртең мененки 8ден, кечки 7ге чейин, эч бирин түнгө калтырбайм жана эки күн эс алышат. Орточо айлык 50-60 миңден алат, жумуш жыл боюу туруктуу. Айлыкты көп алган жерде мезгилдик эле болуп, башка учурда жумуш жок отуруп калышат».

Экономист Кубан Чороев бүгүнкү күндө Бишкек шаарында бир үй-бүлө 30 миң сом айлык алып жашоосу мүмкүн эместигин айтты. Ал борбордо батирдин ижара акысы, жашоо кымбат экендигин кошумчалап, бир үй-бүлө үчүн орточо 100 миң сом бир айда керектелээрине токтолду.

«Бүгүнкү күндө айлык акыга негизги үч фактор таасирин тийгизет. Алар: батирлердин ижара акысы, тамак-аш, жол акы. Эгер Бишкек шаарын ала турган болсок, анда бүгүнкү күндө өтө кымбат. Мисалы, 1 же 2 бөлмөлүү батирдин ижарасы эле 30 миң сом, тамак-аш кымбат. Бир үй-бүлөдө эки киши иштесе алардын бирөөнүн айлыгы батирге, экинчисиники жашоого гана кетип калат. Мындан тышкары дагы акча топтош керек, келечекте үй алабыз, балдарды окутабыз дейт ж.б. Ошондуктан бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жашап, иштеш үчүн бир үй-бүлөгө орточо 100 миң сомдун тегерегинде каражат керек. Бишкек шаарында ошол себептен курулуш тармагы, кийим тигүү, жеңилирээк иштерде алган айлык, ай сайын болгон чыгымдарды жаппай жатат. Мисалы, ички миграциядан келгендер бөлмөлөрдү ижарага алып, эптеп күн көрүп жүргөндөр бар. Келечекти ойлогондор көбүрөөк айлыкка, чет жакка барып иштөөнү тандап жатышат. 20 миң, 30 миң айлык алып жашоо мүмкүн эмес».

Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Бейрасмий маалыматтарга караганда 1 миллондон ашык кыргызстандык ушул өлкөдө. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө тармактарында иштешет. Мындан сырткары Казакстан, Түркия жана башка өлкөлөрдө эмгектенишет.

Copyright © 2017 Maral FM