Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 2 Июн 2024 | 389 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Матраимовдун баш коргоо чарасын узартуу тууралуу өтүнүчтү сотко УКМКнын тергөөчүсү жиберген. Соттун чечимине ылайык, Райымбек Матраимов 26-июнга чейин камакта калтырылды.

Быйыл 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен биргеликте Бакуда эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду кармаган. Аны менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор кармалган.

Анын ичинен Тилек Матраимов 26-апрелде үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM