Биз менен байланышыңыз

Бишкекте изделип жаткан үч бир тууган бала табылды

Кыска кабар | 26 Фев 2024 | 292 | 0

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан үч бир тууган бала табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

24-февралда милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 2009-жылы туулган кызы Раяна Марукова жана 2012-жылы төрөлгөн уулдары Мусабек жана Исабек Маруковдор ошол күнү Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Милиция 26-февралда кабарлагандай, балдар Ысык-Көл облусунда жашаган туугандарынын үйүндө болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM