Биз менен байланышыңыз

Бир аптада 448 мас айдоочу кармалды

Кыска кабар | 26 Фев 2024 | 159 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 19-25-февраль күндөрү өлкө аймагында бир жума ичинде 20 миң 197 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

Анын ичинен 448 айдоочу мас абалында унаа айдаганы, 364 киши тийиштүү документтери жок айдаганы, 40 адам автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатканы аныкталды.

Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 1173 учур, ал эми эксплуатациялоо эрежелерин бузуу 3138, белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2854, авто ээнбаштык – 14, жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – бир учур, башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 миң 179.

Мындан тышкары, 1431 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM