Connect with us

Күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташынын себеби айтылды

Кыска кабар | 25 Фев 2024 | 275 | 0

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасынын бир аз жогорулашы Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу.

Маалыматка караганда, бул өз кезегинде коңшу мамлекеттерде жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшүндө суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу.

«Коңшу мамлекеттер, анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстан Россия Федерациясынын мунай иштетүүчү заводдорунан бензин жана дизель майын сатып алышат. Учурда бензин жана дизель майы рыногунда абал туруктуу. Нефть продуктыларын ташып келүү план боюнча үзгүлтүксүз аткарылып жатат. Эч кандай тартыштык жок», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 22-февралда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен нефтетрейдерлердин ортосундагы мунай продуктулары рыногунда кызматташуу боюнча макулдашуунун алкагында айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу майдын керектүү көлөмү менен камсыз кылуу боюнча жумушчу жыйын өттү.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM