Биз менен байланышыңыз

Лидер жана менежерлер сөзсүз окушу керек болгон китеп кыргызчаланды

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 274 | 0

«Биз мындай кылбайбыз!» бизнес-романы кыргызчага которулду. Бул тууралуу «Маралга» «Китепстан» басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев маалымдады.

Китепте уюмдар кантип түптөлүп, өсүп, кулап кайра көтөрүлө турганы жөнүндө баяндалган. Кайсы бир уюмдун узак мөөнөттүү ийгилигин кантип камсыздоо керектиги сурикаттардын мисалында берилген.

Бул китепти окуган адам коркунучтардан кантип сактанууну, мүмкүнчүлүктөрдү кантип туура пайдаланууну, баарыбыз үчүн баалуу болгон нерселерди кантип ишке ашырууну үйрөнө алат. Китеп бизнесмендерге, менежерлерге, уюм жетекчилерине сунушталат.

Авторлору – Жон Коттер жана Холгер Ратгебер. Бизнес-романды «Китепстан» басма үйү кыргызчалады.

Котормочу: Айнуру Булекбаева, редактор: Жаңылай Аалиева, корректор: Жетиген Асанбек, верстка: Таттыбүбү Ырысбай.

Китеп ишкер Жодар Сайдилкандын колдоосу менен кыргызчаланды.

Абдуллаев: Киреше таппасак да, окурмандардын пикири дем берет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM