Биз менен байланышыңыз

Мурдагы бажычы Замирбек Карашев камактан бошотулду

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 247 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев камактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, Замирбек Карашевге карата мурда колдонулган баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулду.

Мурдагы бажычы 2023-жылдын октябрында кармалган, бирок кайсы беренеге байланыштуу экени белгисиз.

«Кактус медиа» басылмасы жеке булактарына таянып, Карашев мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратууга көмөктөшкөн деп айыпталганын, 18 миллион 895 миң сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурганын жазды.

Замирбек Карашев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан 2021-жылы апрель айында ошол кездеги өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM