Биз менен байланышыңыз

Улуттук госпиталда бейтаптын тууганы кош бойлуу медайымды сабап салды

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 552 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук госпиталда бейтаптын тууганы медайымды сабап салды. Маалыматты госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов билдирип, социалдык тармактар аркылуу элге кайрылуу жасады.

Окуя кечээ, 19-февралда госпиталдын травматология бөлүмүндө болгон. Медайымдын үч айлык боюнда бар экени, түшүп калуу коркунучу болгондуктан гинекологиялык ооруканага жаткырылганы айтылды.

«Биздин кызматкерлер бейтаптарыбыздын ден соолугуна жан үрөп кам көрүп келишет, аларга карата ар кандай зомбулук аракеттерине жол берилбейт. Биз кызматкерлерибиздин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөбүз. Ошол эле учурда бардык бейтаптарды жана алардын жакындарын сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдон келген аракетин жасап жаткан кызматкерлерибизге сый-урмат жана түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз», — деди башкы дарыгер кайрылуусунда.

Айта кетсек, 2023-жылдын 30-декабрында ушул эле Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө эмгектенген дарыгерди бейтаптын тууганы сабап койгон. Окуя учурунда тартылып алынган видеону Медициналык профсоюз уюмунун төрайымы Бермет Барыктабасова социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Буга байланыштуу 14 дарыгер иштен кетүү арызын жазган. Госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов алар менен сүйлөшүп, ооруканада калууга көндүргөн.

Улуттук госпиталдын дарыгерлерин эми күзөтчүлөр кайтарат

Copyright © 2017 Maral FM