Биз менен байланышыңыз

Улуттук госпиталдын дарыгерлерин эми күзөтчүлөр кайтарат

Коом , Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 372 | 0

Бишкектеги Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө эмгектенген дарыгерлердин иш бөлмөлөрүнө коопсуздук баскычтары орнотулууда. Мындан ары бейтап же анын жакындары коопсуздугуна коркунуч жаратса, дарыгер баскыч аркылуу күзөтчүгө кабар берет. Алар ИИМдин өкүлдөрүн чакырышат.

Айта кетсек, Медициналык профсоюз уюмунун төрайымы Бермет Барыктабасова социалдык тармактагы баракчасына бир аялдын дарыгерди сабап жаткан видеосун жарыялаган.

Окуя 2023-жылы 30-декабрда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө болгон. Нөөмөттөгү дарыгер бейтапты текшерип, инсульт жок экенин, сасык тумоо менен ооруганын айткан. Бул жооп бейтапты коштой келген тууганына жакпай, дарыгерди чачтан алып сабаган.

Видео социалдык тармактарга тарагандан кийин айтылган бөлүмдүн он төрт дарыгери жумуштан кетүүгө арыз жазышкан.

Бул боюнча оорукананын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов: «Мен дарыгерлер менен жолугуп, эки саат сүйлөштүм. Топтолгон суроолорун берип, бейтаптар менен болгон окуяларды айтышты. Ошондон улам арыздар жазылган. Алардын кетүүсүнө жол берген жокпуз жана бербейбиз деген ойдомун», — деген билдирүү жасаган.

Мындан улам дарыгерлердин коопсуздугун сактоо максатында алардын иш бөлмөсүнө коопсуздук баскычын орнотуу чечими кабыл алынган. Жумуштан кетүүгө арыз жазган дарыгерлердин бири Султан Алыкулов бул кадамы менен эмгек шарттарын жакшыртып, коопсуздугуна көңүл бөлүүнү талап кылганын айтты.

«Биздин кесиптешибиз Жаркынай Таалайбековага кол салуу болгондон кийин кабыл алуу жана реанимация бөлүмүндө иштеген 14кө жакын дарыгер кетүүгө арыз жазганбыз. Анткени мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Биз эмгек шарттарын жакшыртууну жана коопсуздукту камсыздап берүүнү талап кылдык. Дарыгерлердин жетишсиздигинен бизге ашыкча жүк болот. Бейтаптардын көптүгүнөн кээде жетишпей да калабыз. Ушуга окшогон маселелерди чечип берүүсүн өтүндүк. Жетекчилик, арыз-муңубузду угуп, азыр менин иш бөлмөмө кооопсуздук баскычын орнотуп жатышат».

Улуттук госпиталдын бакшы дарыгери Бакыт Төлөгөновдун айтымында, 14 дарыгердин арызы жетекчиликке жеткен эмес. Бирок алынган маалыматтын негизинде алар менен баарлашып, талабын аткарууга убада берген.


«Арыз жазган дарыгерлер менен кеңешип, күзөтчү алмай, коопсуздук баскычын орнотмой болдук. Чыгым өз эсебибизден кетет. Ушул жерден таарынычым бар: биз адамдардын ден соолугунун сакчысы болсок, ИИМ биздин сакчыбыз катары бул тарабынан деле жардам берип койсо болмок. Алардан жардам болбогону үчүн дары-дармекке, башкага деген акчабыздын четинен кертип, күзөтчүгө чыгарууга туура келди. Маалымат катары айта кетсем, күзөт кызматынын бир суткалык туруусу 300 миң сомдун тегереги экен. Анча акчабыз жоктугунан биз түнкү убакытка эле, 8 саатка жалдап жатабыз. Коопсуздукту камсыздабасак, Улуттук госпиталда 11 бөлүм күнү-түнү бейтаптардын кабыл алат. Алардын 2-3 бөлүмү ызы-чуу. Күн өтүп эле ушундай окуялар болуп турат».

Башкы дарыгер аны менен катар бейтаптын өзүндө андай нерсе болбосун, чырды көбүнчө аны коштой келген жакындары чыгарарын кошумчалады.

Айта кетсек, дарыгер сабалган окуялар буга чейин да бир нече жолу катталган. Бул окуя ачыкка чыккандан кийин да Ошто ушундай көрүнүш катталды.

Маалыматка караганда, Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунда 34 жаштагы жигит «агамды жакшы карабай койдуңар» деп, дарыгерди сабап салган.

Кылмышка шектүү кармалып, бирок кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM