Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» окуучулары Румыниядагы олимпиадада беш медаль утту

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 331 | 0

Румынияда 10-12-февралда өткөн VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында Кыргызстандан алты окуучу 3 күмүш жана 3 коло медаль утуп алышты.

Алардын ичинен «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу Лебиев Абдулазиз күмүш медаль утту, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Акжолтоева Айпери коло медаль, Ош «Сема» лицейинин 8-классынын окуучуcу Абдуллахан Абдирасулов коло медаль, Ош «Сема» лицейинин 9-классынын окуучуcу Байыш Миңбаев коло медаль утту, Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль утту.

Мындан тышкары Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус күмүш медаль алды.

Эл аралык олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Белгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казахстан,  Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан жалпы 135 окуучу катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM