Биз менен байланышыңыз

Чек ара чечилсе, Кыргызстан менен Тажикстан энергетика боюнча кызматташат

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 174 | 0

Министр Таалайбек Ибраев баштаган Кыргызстандын энергетиктери Тажикстандын ГЭСтери менен таанышып келишти. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Үч күндүк иш сапардын алкагында энергетиктер Нурек ГЭСинде жана жаңы курулуп жаткан Рогун ГЭСине, гидромеханикалык
жабдууларды чыгаруучу заводго жана энергетика тармагына электр жабдууларын чыгаруучу заводго барышты.

Таанышуудагы негизги максат Тажикстан тараптын тажрыйбасын «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга, Токтогул ГЭСин оңдоп-түзөөгө пайдалануу болуп саналары айтылган маалыматта.

Тараптар чек ара маселеси чечилгенден кийин Тажикстанда өндүрүлгөн жабдууларды отун-энергетика комплексине пайдаланууга, Кыргызстанда ГЭСтерди куруу жана оңдоп-түзөө иштеринде кызматташууга кызыкдар экенин билдиришкен.

Маалыматта айтылгандай, эки өлкөнү байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр линиялары бар. Анын чек ара аймагындагы айылдарды свет менен камсыз кылууда мааниси чоң.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM