Connect with us

Ошто «Яндекс таксинин» айдоочулары нааразылык митинг өткөрүшүүдө

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 334 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Бүгүн, 19-февралда Ошто «Яндекс такси» кызматынын айдоочулары нааразычылык митингин өткөрүштү. Бул тууралуу «Азаттык» сайты жазды.

Маалым болгондой, айдоочулар коюлган тариф арзан болгондуктан, чыгымды актабай жатканына нааразылык билдиришүүдө. Алардын айтымына караганда, тариф чакырымына 30 сомдон эсептелет.

«Яндекс такси» кызматы 2011-жылы Орусиянын Москва шаарында негизделген. Кыргызстандагы иши 2017-жылдын ноябрь айында башталган.

Эки жыл мурда такси айдоочулар «Яндекс таксини» рыноктон чыгарууну талап кылышып, нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

2023-жылдын 1-августунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы «Яндекс. Такси Корп» ЖЧКсында мыйзамдын талаптарына дал келбеген аракеттер аныкталганын кабарлап, 7-сентябрга чейин көрсөтүлгөн кемчиликтерди оңдоого убакыт берилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM