Биз менен байланышыңыз

Кара-Сууда Кытай жаранын коркутуп, акча талап кылууга шектүү кармалды

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 239 | 0

Кара-Суу районунда чет элдик жаранды коркутуп, акча талап кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 12-февралында Ош облустук ички иштер башкармалыгына 1969-жылы туулган Кытай жараны арыз жазган. Анда Азам аттуу адам коркутуп, 58 миң доллар талап кылып жатканы айтылган.

Арыз каттоого алынып, иликтөө башталган. Натыйжада факты тастыкталып, топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен иш козголгон.

Атайын операциянын алкагында кылмышка шектүү Кара-Суу районунун 1971-жылы туулган тургуну К.А. Кытай жаранынан акча алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Учурда шектүү камакка алынып, тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM