Биз менен байланышыңыз

Президент Татарстанда өтүүчү мультиспорттук турнирдин ачылышына барат

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 145 | 0

Президент Садыр Жапаров 20-21-февралда Орусияга иш сапар менен барат. Бул маалыматты Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Мурат Азимбакиев билдирди.

Кыргызстандын мамлекет башчысын Орусиянын президенти Владимир Путин чакырган. Эки күндүн сапардын алкагында Садыр Жапаров Казань шаарында өтө турган «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин ачылыш салтанатына катышат.

«Келечек оюндары» турнири 21-февралдан 3-мартка чейин өтүп, ага 21 спорттун түрүнөн 260тан ашуун команда, 2 миңге жакын спортчу келет. Турнирде кибер спортчулар үчүн компьютердик фижитал спорт, e-sports түрлөрүнөн да мелдештер уюштурулат.

Ачылыш салтанатка бир катар өлкөлөрдөн көрүнүктүү ишмерлер, спортчулар, ири IT компаниялардын жетекчилери, дагы башка көптөгөн адамдар чакырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин жана Татарстандын мамлекет башчысы Рустам Минниханов менен жолугушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM