Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлигинде 472 млн сомдон ашуун каржылык бузуу болгон

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 177 | 0

Айыл чарба министрлигинде жана анын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүндө ири каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

Эсептөө палатасынын кеңеши 16-февралда Айыл чарба министрлигинин 2021-2022-жылдарга каржылык сарптоолору боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын караган. Анда министрликте 472 млн 357 миң 200 сомдук каржылык мыйзам бузуу болгону айтылган.

Бузуулар төмөнкү багыттарда болгону белгиленген:

  • каражат сарптоодогу бузуулар жана кем чыгуулар – 60 млн 147 миң 100 сом;
  • бюджеттин кошумча кошуп эсептелген кирешелери – 943 миң 800 сом;
  • Соцфонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери – 760 миң сом;
  • бюджеттин чыгымдар бөлүгү  жана башка төлөмдөр боюнча жоготуулары ж.б. – 76 млн 19 миң 500 сом;
  • рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 289 млн 485 миң 600 сом;
  • эсепке алуу жана отчёт тартибин бузуу – 45 млн 1 миң 200 сом.

Андан тышкары 2022-2023-жылдар үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна үрөн жана жер семирткич сатып алууда жана аны дыйкандарга таратууда 214 млн 397 миң 900 сом жоготуу болгон. Бул маалымат укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM