Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Ашуу-белдерде көчкү жүрөт

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 108 | 0

19-20-февралдагы жаан-чачынга байланыштуу ашуу-белдерде, тоолуу аймактарда көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Айрыкча, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк, Чапчыма ашуулары, «Красная Горка – Ак-Таш» жолу, «Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу» жолу, «Бишкек – Торугарт» жолундагы Долон, Кызыл-Бел ашуулары, «Казарман – Ак-Тал-Чат» жолундагы Кара-Көө ашуусу, Ийри-Суу аймагы, «Арал – Миң-Куш» жолунун Кызыл-Сөөк аймагы, «Каракол – Эңилчек» жолундагы Чоң-Ашуу, «Барскоон – Ак-Шыйрак» жолундагы Сөөк ашуусу, «Түп – Кеген» жолу, «Сары-Таш – Даарот-Коргон – Карамык» жолу, «Ош – Сары-Таш – Эркечтам» жолундагы Талдык, Тоң-Мурун ашуулары айдоочулар үчүн кооптуу болорун эскертет.

Көчкү жүрүп, жолдорго күрткү үйүлөт, тоңголок, тайгак болот. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM