Биз менен байланышыңыз

Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын баасын туруктуу кармоо планы иштелип чыкты

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 200 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Министрлер кабинети 2024-жылга күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн бааларын тескөө планын иштеп чыкты. Ага төрага Акылбек Жапаров кол койду.

Тескеме күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн бааларын туруктуу кармап туруу, элдин муктаждыгын толук камсыздоо үчүн биргелешкен аракеттерди жасоо, ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында кабыл алынганы айтылды.

Айта кетсек, Министрлер кабинети буга чейин өсүмдүк майына, унга жана буудайга КНСти нөлгө түшүрүү, айрым товарларды (жем, пияз, минералдык жер семирткич ж.б.) экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу бааларды турукташтырууга өбөлгө түзгөн чараларды көргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM