Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин аталган кызматты Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров аркалап келген. Ал 15-февралда кызматынан бошотулду.
Уланбек Далиев 2017-2020-жылдары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары болгон.
2020-жылдын ноябрынан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары иштеп келген.
Эмилбек Абдыкадыров бул кызматка 2023-жылы 10-ноябрда дайындалган. Ага чейин Бишкек шаарына мэр болгон.