Биз менен байланышыңыз

Чет элдиктин мүлкүн тартып алууга көмөктөшкөн судьяга иш козголду

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 106 | 0

Чет элдик инвестордун мүлкүн мыйзамсыз тартып алууга көмөктөшкөн судьяга иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкерлердин укугун коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдү күчөтүү чараларынын жүрүшүндө Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясынын адилеттикке жатпаган чечим чыгарганы аныкталган.

Маалым болгондой, «К.С.» ЖЧКсынын жетекчиси чет элдик адамдын наамындагы көп кабаттуу имараттын бөлмөлөрүн Кыргызстандын 25 жаранына алдап сатып жиберген.

Бул боюнча иш сотко өткөн. Ишти караган Октябрь райондук сотунун судьясы жарандарга мүлктөрдүн мыйзамсыз сатылганын, сатуу-сатып алуу келишимдери жасалма экенин билип туруп, ЖЧК жетекчисинин пайдасына чечим чыгарган.

Бул чечим боюнча даттануу Бишкек шаардык сотунда каралып,  судьянын өкүмү толук жокко чыгарылган.

Башкы прокуратура судьяга Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси менен иш козгоп, тергөө жүргүзүү милдетин УКМКга өткөрүп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM