Connect with us

Тышкы иштер министрлиги бош орундарга сынак жарыялады

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 322 | 0

Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык кызматтардагы бош орундарга сынак жарыяланганын билдирди.

Сынак төмөнкү бошогон орундарга кызматкер алуу үчүн өткөрүлөт:

  1. Консулдук департаменттин үчүнчү катчысы;
  2. Эл аралык уюмдар департаментинин үчүнчү катчысы;
  3. Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы (иштөө пункту Баткен ш.);
  4. Экинчи саясий департаменттин атташеси;
  5. Төртүнчү саясий департаменттин атташеси (2 бирдик);
  6. Консулдук департаменттин атташеси (2 бирдик);
  7. Экономикалык дипломатия департаментинин атташеси (2 бирдик);
  8. Мамлекеттик протокол департаментинин атташеси;
  9. Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси;
  10. Административдик бөлүмдүн башкы адиси;
  11. Валюта-финансы департаментинин жетектөөчү адиси.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • Арыз (бош кызмат ордун жана тестирлөө тапшыруу үчүн чет тилин так көрсөтүү менен) эки нускада;
  • Сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
  • Өмүр баян (соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  • Резюме;
  • 3х4 өлчөмдөгү 2 сүрөт;
  • Паспортунун көчүрмөсү (ID);

Зарыл болгон кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык түрдө же иштеген жери боюнча кадрлар башкармалыгынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөсү).

Сынакка катышуу үчүн документтер көктөмөгө тиркелип, Тышкы иштер министрлигинин кадрдык саясат бөлүмүнө берилиши зарыл. Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57.

Документтер 2024-жылдын 9-февралынан тарта 22-февралын камтуу менен иш күндөрү саат 10.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат (түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин).

Кошумча маалыматтарды (0312) 62 50 87 телефону аркылуу же www.mfa.gov.kg жана www.mkk.gov.kg расмий сайттарынан тактоого болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM