Биз менен байланышыңыз

Министр: Өлкөдө 88 миңден ашуун баланын ата-энеси миграцияда жүрөт

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 141 | 0

Өлкөдө 88 миңден ашуун баланын ата-энеси миграцияда жүрөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеши чогулуш өткөрдү.

Анда сөз сүйлөгөн министр Гүлнара Баатырова өлкөдөгү мектеп-интернаттар боюнча маалымат берди.

Министрдин айтымында, өлкөдөгү 137 мектеп-интернатта 9 миң 973 бала тарбияланып жатат. Алардын 5%ынын гана ата-энеси жок. Интернаттардын 69у мамлекеттик, 17си муниципалдык, 39у жеке менчик, 12си медресе катары катталган.

Ошол эле учурда 10 жылдын ичинде интернаттар 117ден 137ге көбөйгөн, бирок анда жашаган балдардын саны бир топ азайган.

Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды аныктоо максатында аймактык башкармалыктар мониторинг жүргүзүп турары да белгилүү болду.

«Өткөн жылы 325 миңден ашык үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү. Эмгек мигранттарынын  балдары 88 миңден ашык экени аныкталды. Бардык үй-бүлөлөр менен камкордукка алуу зарылдыгы сүйлөшүлдү. Аныкталган балдардын 701и соттун чечими менен камкордукка алынган, 530 балага убактылуу камкордук берилген, 14 бала окуусун улантуу үчүн жалпы билим берүү мекемелерине кайтарылган, 100дөн ашык бала реабилитациялык борборлорго, интернаттарга, фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырылган», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM