Биз менен байланышыңыз

«90 млн сом зыян келтирген» деген шек менен мурдагы жетекчи кармалды

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 201 | 0

Сокулук районундагы Новопавловка коммуналдык ишканасынын мурдагы жетекчиси О.С.О. «90 млн сом зыян келтирген» деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Алынган маалыматка караганда, муниципалдык ишкананын мурдагы жетекчиси Новопавловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, коррупциялык жолго барган.

Атап айтканда, ЖЧК менен курулуш жана электр монтаждоо, курулушка керек болгон материалдарды жеткирүү сыяктуу иштерде жалган келишим түзүлгөн. Айтылган иштерди муниципалдык ишкананын жумушчулары аткарган. Ишкананын мурдагы жетекчиси иш үчүн бөлүнгөн акчанын 10%ын келишим түзгөн ЖЧКнын жетекчилерине берип, калганын өзү алып койгон.

Ошондой эле ишкерлер менен түзүлгөн келишимдерге, аткарылган иштердин актыларына жана кассалык чыгаша ордерлерине жасалма кол коюлган.

Бул иштер боюнча аудитордук текшерүү жүрүп, жыйынтыгында «90 млн сомдон ашык зыян келтирилген» деген корутунду чыгарылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен иш козголуп, О.С.О. камакка алынган.

Социалдык тармактардын колдонуучулары бул кармалган адамдын аты-жөнү Самат Отунчиев экенин жазышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM