Биз менен байланышыңыз

Президент Ооганстан кабылган негизги көйгөйлөрдү атады

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 247 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-февралда Ооганстан маселеси боюнча Бишкек шаарына чогулган 8 мамлекеттин коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушту.

Иш-чарага Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Орусиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчылары келген.

Алтынчы ирет өтүп жаткан бул аймактык диалогдо Кыргызстандын мамлекет башчысы Ооганстан туш болуп жаткан негизги көйгөйлөр терроризм, наркотрафик, алсыз экономика экенин белгиледи.

Ошондой эле бул кадамдар Ооганстан багытында куралдуу тирештин пайда болуу ыктымалын азайтууга мүмкүндүк бергенин, ЖККУ, ШКУ, КМШ, ЕАЭБ, ТМУ сыяктуу эл аралык уюмдардын форматтарында тыгыз кызматташуу аркылуу ишке жарамдуу модель калыптанганын айтып өттү.

Аны менен катар Ооганстан Улуттук банкынын тоңдурулган активдери тез арада пайдаланууга берилиши керек экенин билдирди.

Андан тышкары Кыргызстан Ооганстандын жер титирөөдөн жабыр тарткан Герат провинциясына, Улуу Памир, Кичи Памир тоолуу аймактарына гуманитардык жардамдарды жөнөтүп жатканын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM