Биз менен байланышыңыз

Адамдарды мыйзамсыз жоопко тарткан милиционерлерге иш козголду

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 196 | 0

Далилдерди бурмалап, адамдарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан милиция кызматкерлерине иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокуратура кызматкерлери көзөмөл иретинде Бишкек шаарындагы милиция бөлүмдөрүнө текшерүү жүргүзгөн. Анын алкагында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Айрым милиция кызматкерлери бети ачылбаган кылмыштар боюнча өздөрү тосмо арыз жазып, ага жабырлануучулардын колун жасап коюшуп, өндүрүштөн кыскартып салып турушкан. Жасалма тосмо арыздардын, жасалма жарашуу келишимдеринин көпчүлүгү уурулук фактыларына байланыштуу болгон.

Ошол эле учурда кээ бир кылмыштар боюнча күнөөсүз адамдарды мажбурлап мойнуна алдырышып, алардын атынан жасалма көрсөтмө даярдашкан. Айрым кылмыш иштерин реабилитацияга жатпаган негиздер менен өндүрүштөн кыскартышкан.

Кээ бир кылмыштар боюнча жабырлануучулардын арыздарына жалган маалыматтарды киргизишип, жарандардын жеке менчикке болгон укугун калыбына келтирбей, иштерди мыйзамсыз өндүрүштөн кыскартып келишкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси, 358-беренеси, 361-беренеси менен 77 иш козголуп, тергөө жүргүзүү милдети Аскер прокуратурасына жана УКМКга тапшырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM