Биз менен байланышыңыз

2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Польшадан кармалды

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 134 | 0

2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Польшадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2015-жылы Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынан 4 адам Honda CRV үлгүсүндөгү унааны токтотуп, айдоочусу Ж.Ы.га автомат такап коркутушуп, 1 млн 30 миң долларын тартып алышкан.

Айтылган кылмышка шектүүлөрдүн үчөө кийинчерээк кармалып, бирөө из жашырып кетүүгө үлгүргөн. Буга байланыштуу Баткен облустук милициясы издөө жарыялаган.

Ушул жылдын 9-февралында каракчылыкка шектелген Кыргызстандын жараны М.А. Украина менен Польшаны байланыштырган «Любачув» чек ара бекетинен кармалган.

Учурда Кыргызстандын укук коргоо органдары кармалган жаранды өлкөгө алып келүү, жоопко тартуу чараларын карап жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM