Connect with us

2023-жылдагы соттук кароолор 2022-жылдагыдан кыйла көп болгон

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 191 | 0
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ош облусунун жана Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун ишин караган онлайн жыйын өткөрдү.

Ош облустук соту берген маалыматка караганда, 2023-жылы жалпы 32 миң 282 иш келип түшкөн. Каралган иштердин 2 миң 438и (7,8%ы) аппеляциялык даттануу болгон. Мунун ичинен 1 миң 671 иш боюнча райондук соттордун чечими өзгөртүүсүз калган, 550 иш боюнча алгачкы инстанциянын чечими жокко чыгарылган, 217 иш өзгөртүлгөн.

2023-жылы каралган иштер 2022-жылга салыштырмалуу 2 миң 571 ишке көп болгон. Тактап айтканда, андан мурдагы жылда жалпы 28 миң 791 иш каралган.

Аны менен катар Ош облусуна караган мекеме-ишканалардагы мыйзам бузууларды жоюу боюнча райондук соттор, шаардык сот 121 жеке аныктама чыгарган.

Бишкек шаардык сотунда 2022-жылы 57 миң 536 иш каралса, 2023-жылы 68 миң 365 иш каралган. 2023-жылы каралган иштердин 74,39%ында биринчи инстанциянын чечимдери өзгөртүүсүз калтырылган.

Аны менен катар Бишкек шаардык соту мекеме-ишканалардагы мыйзам бузуулар боюнча 10 жеке аныктама, административдик, райондук соттор 179 жеке аныктама чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM